Menu

Москва: Мигранттын өмүрүн кыйган мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:
2019-жылдын 19-июнунда, россиянын жана ата-мекендик жалпыга маалымдоо каражаттары “Электрозаводская” станциясында Кыргызстандын тургундарынын арасындагы массалык мушташтын видеоматериалы чагылдырылган. Бейбаштыктын  кесепетинен бычактан алган жаракатынын айынан бирөө каза болуп, үчөө Москва шаарынын ооруканаларынын бирине жеткирилген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар коомдук резонанс жараткан.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия  Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан төмөнкүлөр аныкталган: 2019-жылдын  19-июнь күнү саат 05:33 чамасында Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Соколиная гора району боюнча бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө “02” аркылуу Москва шаарынын Большая Семеновка дарегинде азият түспөлүндөгү жарандардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгын билдиришкен. Андан соң, 05:38де полиция кызматкерлеринен “Электрозаводская” станциясында Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1999-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну бычактан алган жаракатынан жерде жатканын билдиришкен. М.Н. аттуу жаран Россиянын аймагында 2018-жылдын сентябрь айынан эмгектенип бери жүргөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келишип, 19-июнь күнү болжол менен саат 05:20 чамасында Москва шаарынын Большая Семеновская дарегиндеги “Ысык-Көл” кафе-ресторанынын жанында эки топ болгон 10-15 азият түспөлүндөгү жарандардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгын аныкташкан. Мушташ “Электрозаводская” станциясынын сыртында болуп, анын кесепетинен бычактан алган жаракатынан Кыргыз Республикасынын жараны М.Н. каза болгон. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын үч жараны Москва шаарынын аймактык ооруканаларынын бирине жеткирилгени маалым болгон:
– Москва шаарынын ага-инилер Бахрушиндер атындагы шаардык клиникалык  ооруканасына кабыргасы сынып, төш тарабында бычактан алган жаракаты менен мас абалындагы Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган М.С. аттуу тургуну түшкөн.
– Москва шаарынын Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына белинин сол жагында бычактан алган жаракаты менен Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2000-жылы туулган тургуну жеткирилген.
– Москва шаарынын Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына башынын оң жагында алган жаракаты менен Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 199-жылы туулган Ж.С. аттуу жашоочусу түшкөн.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын жаранына карата Россиянын  Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Чыгыш-административдик округу боюнча Тергөө башкармалыгынын аймактык райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү (Өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, анда 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган Ы.Н. аттуу кылмышка шектелип кармалды. 20-июнь күнү Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда каза болгон жигиттин туугандары тишелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар
жүргүзүлгөндөн кийин гана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин иш-аракети менен “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелерин чечип жатышат. Андан сырткары Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Соколиная гора району боюнча бөлүмү тарабынан М.С., Ш.Н. жана Ж.С. аттуу жарандар мушташтын айынан денелеринен ар кандай жаракаттарды алган факты боюнча кылмыш иши козголду.
Жогорудагы факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө  кылмыш жасоого айыпталып Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун Өзгөн районунун 1998-жылы туулган КЧ. аттуу тургуну кармалды. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизанынын жыйынтыгы боюнча кылмыштын курамын өзгөртүү меселелери чечилүүдө. Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын, Чыгыш-административдик округу боюнча ИИБдин жана укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россияга акча табууга келген мекендештерди Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого жана коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат. Өзгөчө башка өлкөнүн аймагында биздин мекендештердин жогорудагыдай укук бузган иш-аракеттери коомдук сын-пикирлерди жаратып, өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: