Британ ханзадасы Чарльздан таажывирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
71-жаштагы ханзада таажывируска анализ тапшырып, жыйынтыгында инфекция аныкталган. Маалыматтар боюнча, ханзадада таажывирусун симптомдору жеңил. Ал акыркы күндөрү үйүнөн иштеп жатат.
Азыр ал жубайы менен Шотландиягы Балморал сепилинде изоляцияда. Анын 72 жаштагы жубайы таажывируска анализ тапшырып, жыйынтыгында илдет табылган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ