Menu

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев: “Жалгыз өзүм эмес, 32 студент күндүзгү бөлүмдө окуганбыз”

Бөлүшүү:

Жакынкы күндөрү эле жергиликтүү сайттардын биринде жарыяланган өтө популярдуу болгон азыркы Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жөнүндөгү “Самсачыдан саясатка секирик” деген аталыштагы макаланын канчалык деңгээлде чындык жайы бар экенин аныктап көрүү үчүн, жогоруда айтылган сөздөрдүн чын-төгүнүн тастыктоо иретинде өкүлдүн эшигин каккылап кирдик. Алгач кирип эле самса тууралуу сөз баштаганыбызда “Самса сатсам кана”,- деп каткырып күлдү.
Мен ЖаМУдагы “бухгалтердик учёт, анализ жана аудит” бөлүмүн окуп жатып, турмуш шартыма байланыштуу мигрант болуп Россияга кеттим. Арадан бир канча убакыт өткөндүгүнө байланыштуу окуумдан чыгарылып, кайрадан келип Экономика жана ишкердик университетине ошол эле “бухгалтердик учёт, анализ жана аудит” бөлүмүнө окууга тапшырып, жалгыз өзүм эмес жалпы 32 студент болуп күндүзгү бөлүмдө окуганбыз. Менин группалаштарым бар, кечээ жакында эле жыйырма чактысы келип жаңы жумуш ордум менен куттуктап кетишти. Ал эми Майлуу-Сууда шаарында мэр болуп иштеп жүргөн мезгилде менин ишим кээ бир депутаттарга жаккан эмес, бирок элге жаккан. Жалпы жонунан мен ошол депутаттардын кызыкчылыгы үчүн эмес карапайым калктын, элимдин кызыкчылыгы үчүн иштегенмин. Негизи кыргыз элинде жакшы кеп бар эмеспи “Иштеген адамдын артында сөз бар” деген. Анын сыңарындай эгер ким жакшы иштеп жаткан болсо, сөзсүз түрдө анын артынан бир сөз жүрөт экен. Андыктан мен да бул сөздөр үчүн кубанам. Демек мен элим үчүн, жерим үчүн бир аз да болсо иш жасаптырмын.  Мен ак эмгек менен акча тапкан, мээнетти сүйгөн адамдарды баалайм. Исламда да «бирөөнүн артынан калп сүйлөбө, ушак айтпа» деген хадис бар. Андыктан бирөөгө кыянаттык кылган бул чоң күнөө. Менин артымда күчтүү опоненттер бар, бул да болсо ошолордун жасаган иши болсо керек деп ойлойм. Кантсе да аларга чын ден соолук жана узун өмүр тилейм. Аларга рахматымды айтам”,- деп тамашалап өз сөзүн жылмаюу менен бүтүрдү.
Билимине кызыгып, Экономика жана ишкердик университетине кайрылып Жалал-Абаддагы өкмөттүн өкүлү кайсы жылы окууну аяктап, дипломду алганын сураганыбызда:“Кыянбек Сатыбалдиев алгач ЖАМУда окуп, 4-курсунан биздин университетке которулган. Бүт журум -туруму, окууга катышкандыктары боюнча журналдарда маалыматтар бар. Ал 2013-жылы бухгалтердик учёт, анализ жана аудит адистигин алган. Дипломго ректорубуз кол койгон”, – деп аталган университеттин ректоратынан жооп беришти.
Ал эми Кыянбек Сатыбалдиевдин Майлуу Суу шаарында мэр болуп иштеген учурундагы ишмердүүлүгү боюнча айтылган сөздүн чын төгүнүнө кызыгып ошол кезде чогуу иштешкен жана бүгүнкү күндө да биринчи вице -мэр болуп турган Замир Расуловго байланышып көрдүк. Ал бул кептер жалаа экендигин айтып «Маданият үйү менен мектептин оңдоо иштерин Кыянбек Сатыбалдиев демилгелеп, ал долбоорлордун акчалары толугу менен оңдоо -түзөөгө жумшалган. Ал объекттер боюнча тиешелүү актылар бар. Документтер, отчеттор финансы министрлигине тапшырылган. Тескерисинче шаардагы коммуналдык, социалдык маселелерди чечкенге ал киши өзүнүн чоң салымын кошкон. Ишенбесеңер келип элден сурагыла, билип кетсеңиздер болот», – деп жооп берди.

Чындыгында бизген түшкөн 2015-жылдагы маалыматтарды алып карасак, Майлуу-Суу шаарына мэр болуп шайланган К.Сатыбалдиевдин тегерегинде ар кандай маалыматтар айтылып, анын ишине ичи чыкпай жаткандардын себеби, ал “мен “Ата Журт” партиясынын мүчөсү эмесмин, мага ишененим көрсөтсөңөр шаарга мэр болуп иштеймин. Келечекте Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго катышсам деген оюм бар” деп айткан сөзүнө депутаттар нааразы болгон. Анткени Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын 15и “Ата Журт” партиясынан болгон. Алар мэр кызматы аркылуу элге алынып ЖКга депутат болуп кетпесин деп чочулашкандай болгон экен.

Булак: Аimak. kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: