Menu

Тажикстанда эки жаран бала уурдоо аракети үчүн соттолду

Бөлүшүү:

Бала уурдоого айыпталган Матлуба Ахмедова менен Рахмонали Гиёсов Дүйшөмбү соту тарабынан 9 жана 8,5 жылга эрктеринен ажыратылышты. “Азия плюс” сайты билдиргендей, Матлуба Ахмедова массаж салонунда сойкукана уюштурууга да күнөөлүү деп табылды.

Июлда Тажикстандын Ички иштер министрлиги 48 жаштагы Матлуба Ахмедова 7 жашар кызды уурдап кетүүгө аракет кылганын аныктаган. Ал кыздын апасы Фарангис Бадалова менен борбордогу массаж салондорунун биринде чогу иштеген — биринчиси салондун ээси болсо, экинчиси администратору болгон.

Матлуба Ахмедова сейфтеги акча менен документтердин жоголушун Бадаловадан көрүп, кызы экөөнү катаал жазалай турганын айтып коркуткан. Анын айтымында, сейфтеги акча менен документтер 16-июлда жоголгон. Ага Бадалова башкы шектүү болуп, бир нече жолу суракка да чакырылган, бирок анын күнөөсүн далилдөөгө мүмкүн болгон эмес. Ошондо Матлуба Ахмедова анын кызын уурдап кетүүнү чечкен.

20-июлда ал бош убактысында адамдарды ташуу менен алектенген мурдагы милиция кызматкери Кароматулло Мажидовго кыздын сүрөтүн көрсөтүп, аны белгиленген жерге жеткирип берүүсү үчүн 2 миң доллар сунуштаган. Бирок Мажидов аялдын аракетинен кылмыштын белгилерин байкап, ал тууралуу тиешелүү органдарга кабарлаган. Жыйынтыгында 7 жаштагы кыз бошотулуп, Ахмедова менен анын «шериги» — медицина кызматкери Рахмонали Гиёсов кармалган.

Тергөө тарабынан кылмыштуу топтун кичи райондордун биринде ижарага батир алып, кызды ошол жерге алып барууну көздөгөндүктөрү аныкталган. Тинтүү маалында анда медициналык аспаптар, шприцтер жана дарылар табылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: