Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Транспортту өнүктүрүү менен экономиканы өнүктүрөбүз

Бөлүшүү:

Бишкектин бардык транспорту жана транспорттук инфраструктурасы түбүнөн өзгөртүүгө муктаж. Азыркы заманда транспортту өнүктүрүү экономиканы модернизациялоонун негизги шарты болуп саналат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев айтты.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, транспорт тармагынын өнүгүүсү бардык тармактарга таасир этет, мисалы ишкерлик менен соода-сатык тармагына, шаар сыртындагы ишканаларды, ири компанияларды ж.б.у.с. өнүктүрүүгө салым кошот.

Бишкектин транспортук системасы өз деңгээлинде өздөштүрүлгөн жок, ошонусу менен шаардын өнүгүүсүнө таасирин берүүдө. Учурда 5 миңден ашык маршруттар жана  400 миңден ашык жеке автоунаалар шаарда ири автоунаа агымын түзүүдө. Бул нерсе учурда шаардыктарга жана анын конокторуна көптөгөн көйгөйлөрдү жаратууда.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаардагы транспорт агымын азайтуу максатында металл каркастарынан көп деңгээлдүү парковкаларды курууну сунуштаган. Мындай парковкалардын баасы болжол менен 1,5 млн АКШ долларын түзөт. Автоунаалар азыркыдай жол жээктеринде эмес, ошол парковкаларда токтоп, натыйжада жолдогу ылдамдык жогоруламак.

Мындай өзгөрүүлөр шаардагы экономикалык жана социалдык шарттардын өзгөрүшүнө алып келет. Бишкекте миллиондон ашык адам, же ар бир 6-кыргызстандык жашап жаткан маалда, анын экономикалык өнүгүүсү абдан актуалдуу деп эсептейт Бишкек шаардык кенешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: