Эсеп палатасы Сот департаментиндеги текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 27 миллион сомдук мыйзам бузууларды тапты. Кекиртектен коррупцияга батканын ушундан билсе болот. Соттогу мыйзам бузууларды көргөн эл сотторго ишеним артмак беле?.. Жогорку сот жетекчилиги эми бул коррупция жыттанган ишке көз жумду мамиле кылбай чара көрө алабы? Эгер бул көрүнүш «кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп көмүскөдө кала турган болсо, коомчулук сотторго такыр ишенбей калат. Ансыз да ишеним дээрлик жокко эсе. Демек, Жогорку соттун жетекчиси Гүлбара Калиева айым чечкиндүү кадамга баруусу зарыл!!!
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ