Menu

СДПК партиясынын депутаттары Сурабалдиева менен Строкова «Бир Бол» партиясынан коллегасы Чолпон Жакупованын мандатын тапшырып кетишин күтүшүүдө

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Евгения Строкованын коллегасы -“Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакыпованын Жогорку Кеңештен кетүүсү тууралуу СДПКнын чаты аркылуу кат жазышканын скриншот кылып тартып алган сүрөтү жарык көрдү.

Катта Сурабалдиева 11-сентябрда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо менен чоогу өтүүчү Референдумда Конституцияга өзгөртүүлөрдүн киргизилүүсү бышык экендиги, анын жыйынтыгынан күмөн санабастыгын жазат. Сурабалдиева “Референдум өтөт” жана тээ өйдөдө отурган “бир аял менен кош айтышаарына” такыр ичи ачыбастыгын жазган. Сөз Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, өз мандатын тапшырып кетем деп сөз берген депутат Чолпон Жакыпова тууралуу болгон.

Тексти:

Эльвира Сурабалдиева: Кыскасын айтканда, референдум болот. Мага тиги өйдө жакта отурган аял менен кош айтышуу такыр ичимди ачыштарбайт) Мен Бир Бол тууралуу айтып жатам.

Евгения Григорьевна Строкова: Бирок ал парламентте биздин баарыбыздын башыбызды бириктирди. Биз ага жакшы аттанар аяк уюштуруп, узатабыз.

Эльвира Сурабалдиева: Ооба, дал ошондой. Ушуну менен анын Жогорку Кеңештеги миссиясы бүтөт. Ошо, эми сөзүндө турсун – “референдум өтүп кетсе, мандатымды таштап кетем” дебеди беле – буларга окшогондор кеткенден кийин баары ОК болот. Кыскасын айтканда, Кетсин!

Евгения Григорьевна Строкова: Ага биз дайыма сөз кылган гүлдү белек кылып беребиз. Эртең чогулушта анын келтирген мисалын мен мисал келтирип айтам: “Аял айтты, Аял жасайт”.

Эльвира Сурабалдиева: ( баш бармагын көрсөтөт “эң сонун!”)

Бул жазышуунун тексти ачыкка чыгып жарыяланып кеткенден кийин депутат Евгения Строкова 24.kg агенттигинин журналисттерине комментарий берип, бул окуяны мойнуна алып, СДПКнын парламенттеги чатындагы жазышуулар сыртка чыгып кеткенине кейигенин билдирген. Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева каратып туруп бул окуяны танып, “мунун баары калп! мындай болгон эмес! муну журналисттер өздөрү уюштуруп жазышкан” деп танууда.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: