Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: “Атамбаевге жалган статистикалык маалыматтарды берип коюп эле алдап жатышат”

Бөлүшүү:

“Кечээ, 7-декабрда Нарынга спикер Чыныбай Турсунбеков Саламаттыкты сактоо министринин орун басары сыяктуу бир нече министрликтин өкүлдөрүн баштап келип, элди жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга катышып, бийликти колдоп берүүгө үгүттөп кетти”, – деп билдирди бүгүн, 8-декабрда Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Биздин таң калганыбыз, алардын колундагы статистикалык маалыматтар реалдуу турмуштан алыс экендиги болду. Мисалы, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары чыгып “Нарындан бизге, министрликке баланчаев, түкүнчеевдерден кат келиптир, анда “ооруканаларда орун жетишпейт, Нарын шаарына кошумча 50 орундуу оорукана салып бергиле” деп суранышат. Биз Статистика комитетине кайрылсак, алар “Нарында оорукана жетиштүү, алтургай жатып дарылана турган оорулуулар жок орундар бош турат” деп сандар менен далилдеп беришти” деп бизге кайдагы бир жок цифраларды санап кирсе болобу. Эл ошол жерден жарылып кетти. Анткени көп оор оорулуулар ооруканаларда орун жок кезек күтүп жүрүшкөнү баарына маалым. Нарында оорукана жетишпейт. Ошол Статистика комитетине ишенип иш жүргүзгөн Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев аман эле болсун! Аны отставкага кетирбесе саламаттыкты сактоо системасын талкалап бүтмөк болду. Атамбаев эмне эле аны жакшы көрүп жабышып калды билбейбиз. Билим берүү тармагында да ушундай эле абал, Нарын ГорОНОсуна начальница кылып бир университеттин юридика факультетин бүтүргөн Чолпон Өмүрбай кызы дегенди дайындап коюшту. Ал бир мектептин завучу болуп иштегенге даярдыгы, тажрыйбасы жок неме экен. Атамбаев коррупция менен күрөшөбүз дейт, ал коорупция менен күрөшө баштагандан бери Нарында балдарды бала бакчага орнотуунун баасы эки эсе өстү. Мурун бир баланы орноштуруу үчүн бала бакчанын башчысына 3000 сом пара берүүгө мажбур болсок, азыр 5 миңден 7 миң  сомго чейин берүүгө ата-энелер аргасыз болушууда. Бул Атамбаев элдин турмушун неге билбейт десе ага Статистика комитети жалган маалыматтарды гана берип алдап коюшат го деп калдык”, – деди Бактыгүл Жумабаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: