Menu

Жалал-Абадда кайрылмандарга карата камкордуктар күчөтүлүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында кайрылмандарга карата камкордуктар күчөтүлүп жатат. Быйылкы жылы алардын 118и жумуш орду менен камсыз кылынды. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Апел Адылбекова билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген 605 этникалык кыргыздар катталган. Алардын ичинен 346сы аялдар болсо, калган 259у эркектер, ал эми 241и “Кайрылман” статусун алгандар.

-Биз кайрылмандардын социалдык абалын жакшыртуу, шаар турмушуна толук адаптациялаштыруу жагынан бир катар иш-чараларды жүргүзүп келатабыз.  Быйылкы жылы 118 кайрылмандын жумуш менен камсыз кылууга жетиштик. Ошондой эле аларга билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатында да шарттар түзүлүп жатат. Мисалы, кайрылман үй-бүлөлөрдөгү 51 жаш атуулдар жогорку жана орто окуу жайларында окуп жатышат. , – дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, кайрылмандарды турак жай менен камсыз кылуу жагы да чечилип жатат. Кайрылмандардын 66сы өз каражаттарына турак жай сатып алышса, 36сы жер участкаларын алуу боюнча муктаждыктарга ээ.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: