Кечээ, 9-декабрда Нарындагы эл менен болгон жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев өлкөнүн президенти Алмаз Атамбаевдин калптарын ачыкка чыгарды.
“Алмаз Атамбаев “Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен досмун, мамилем жакшы” деп мактанды. Анда кыргыздын жүк ташуучу машиналарын жок дегенде Үрүмчүгө чейин жүк ташып бара ала тургандай кылып койбойбу. Кытайдын машиналары бизге кирип эле жатпайбы. Тажиктердин машиналары Кытайга кирип жатпайбы! Тажиктин президенти өзү эле жалгыз муну чечип койду го. Тажиктер өздөрү өстүргөн жашылча-жемиштерин Кытайга киргизип сатып жатышат, президенти Кытайдан квота алып берди. Биздин Атамбаев карыз сурагандан башканы билбейт”, – деди Өмүрбек Текебаев.
https://www.youtube.com/watch?v=2f1I6a5KOdc
Видеону Ютубга жүктөгөн Санжар Калматай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ