Жалал-Абад шаарындагы N75-лицейде жайгашкан N2021-шайлоо участогунда БШК менен Тайырбек Сарпашев орноткон добуш берүүчү аппараттар иштебей жатат. Бул тууралу Турмуш маалымат агенттиги билдирди.
Добуштарды автоматтык түрдө эсептеп турчу аппарат бир иштеп, бир иштебей жаткандыктан кезекке тургандай көбөйүп, эл сыртта күтүп турушат.
Бул шайлоо участогунда 1620 шайлоочу добуш бериш керек.
Буга байланыштуу шайлоочулардын шайлоонун таза өтөрүнө шектенүүсү дагы күчөдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ