Menu

Amazon санкцияларды бузгандыгы үчүн 134,5 миң доллар айып пул төлөйт

Бөлүшүү:

АКШнын Каржы министрлиги Орусия каратып алган Крым жарым аралына, Иранга жана Сирияга байланышкан санкцияларды бузгандыгы үчүн Amazon компаниясына 134,5 миң доллар өлчөмүндө айып пул салды.

Маалыматка караганда, компания Крымда, Сирияда жана Иранда жүргөн санкциялык тизмедеги адамдарга товарларды жеткирип, аларга кызматтарды көрсөткөн.

АКШнын Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) билдиргендей. Amazon санкцияларга тиешеси бар кардарларынын аты-жөнүн жана даректерин жетиштүү деңгээлде текшерген эмес.

Компания күнөөсүн мойнуна алып, салынган айып пулду төлөөгө макул болду.

2014-жылы декабрда АКШнын Каржы министрлигине Орусия каратып алган Крым жарым аралында иштеген компаниялар менен адамдарга чектөөлөрдү киргизүүгө укук берген санкциялар күчүнө кирген. Мындан тышкары санкциялар Крымга товарларды, кызматтарды жана технологияларды сатууга жана жеткирүүгө тыюу салган.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Батыш өлкөлөрү муну эл аралык укуктук нормаларды бузуу катары эсептеп, Орусияга санкцияларды киргизишкен. Москва жарым аралдын Орусияга кошулушун «тарыхый адилеттүүлүктүн орношу» катары сыпаттап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: