Menu

Өзбекстанда премьер-министрликке Абдулла Арипов көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Өзбекстандын бийликтеги Либерал-демократиялык партиясы премьер-министрлик кызматка Абдулла Ариповдун талапкерлигин көрсөттү. Партия Ариповду “реформаларды жасоо үчүн жоопкерчиликти көтөрө алган” адам деп мүнөздөдү.

Арипов 2002-2012-жылдар аралыгында премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Каримов көз жумгандан кийин Шавкат Мирзиёев аны кайрадан өкмөт башчынын орун басары кылып дайындаган эле. Азыркы президенттин жакын жолдошу катары эсептелет.

Арипов 55 жашта. Каримов аны 2012-жылы коррупцияга байланыштуу өкмөттөн четтеткен. Анын маалында мобилдик оператор байланышына лицензия мыйзамсыз түрдө берилип кеткен.

Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда 13 жыл премьер-министр болуп иштеген Шавкат Мирзиёев 4-декабрда президент болуп шайланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: