Журналист Дайырбек Орунбековго каршы ачылган сот иши бүгүн 14-декабрда уланып, акырында ишти кароо 21-декабрга жылдырылды. Адвокаттар кылмыш ишин кыскартуу боюнча өтүнүч келтирип, прокурор өтүнүч менен танышууга убакыт сурады.
“Орунбековго козголгон кылмыш иши Башмыйзамдын жана эл аралык адам укуктарынын принциптерине карама-каршы келет. Буга чейин, Орунбековго салынган 2 000 000 сом айыпты төлөй албаганы үчүн аны административдик жазага тартышкан. Орунбеков юридикалык жазасын алган. Бир эле иш менен эки жолу жазага тартуу мыйзамсыз. Ошол себептен кылмыш ишин кыскартууну өтүнөбүз”, – деди адвокат Жыргал Бабаев.
Эскерте кетсек, президент А.Атамбаев журналисти 2 000 000 сом доого жыгып, аны убагында төлөй албагандыгы үчүн Орунбековго кылмыш ишин козгошкон. Сот териштирүүлөрү жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ