Жүзжан провинциясынын мурдагы губернатору Ахмад Ишчинин айтымында, ал мыйзамсыз кармалып, Достумдун күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан катуу кордукка кабылган.
Достум өткөн айда спорттук иш-чара учурунда жүздөгөн көрүүчүлөрдүн алдында Ишчини жеке өзү сабап, аны камоого буйрук берген деген маалымат тараган. Кийинчерээк ал муну четке каккан жана Ишчи 13-декабрда бошотулган.
АКШ, Улуу Британия, Европа биримдиги жана башка батыш өкмөттөрү адам укуктарын одоно бузуу боюнча маалыматтарды расмий түрдө ачык-айкын, акыйкат иликтөөгө чакырууда.
Ооганстан президенти Ашраф Гани толук иликтөө жүргүзүүгө убада берди.
Дустумдун айтымында, Ишчи бир убакта анын саясий өнөктөшү болгон. Экөө урушуп кете электе эле ал Дустумдун катышуусуз коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. Ишчи аны жөнсүз айыптап, кадыр-баркын кетирүүгө аракет жасоодо деп эсептейт.
Бирок Ишчи Дустумдун адамдары аны түрмөгө камап, андан кийин бир нече жолу сабап жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет жасаганын билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ