Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Суудагы коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек

Бөлүшүү:

Премьер-министр бүгүн, 24-июлда, өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, курорттук мезгилдин башталышы менен суудагы кырсыктардын саны өстү.

«Мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу жана пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлеринин эс алуучулардын коопсуздугуна карата шалаакы мамилеси жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч алып келүүдө. Кыска мөөнөттүн ичинде суудагы коопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн ачык көлмөлөрүнө жакын жерде жүрүм-турум эрежелерин дыкат сактоо боюнча толук чараларды кабыл алуу керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар бардык жайкы эс алуучу жерлерде тийиштүү жабдуулары бар куткаруучулардын болушун текшерип чыгып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл», – деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов маалымдагандай, учурда министрлик тарабынан сууга түшүүгө уруксат берилген жайлардын аймактарында эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жооптуу адистерди окутуу жүргүзүлүүдө.

«Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үйлөр бар. Бирок алардын 80нинде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучу бар. Учурда алгачкы жардам көргөзүү жөндөмдүүлүктөрүнө ээ 174 адис даярдалды», – деди Нурболот Мирзахметов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү ачык көлмөлөрдө жарандардын коопсуздугун камсыздоого өзчөгө көңүл буруулары шарт.

«Чаралардын бири катары ар бир жээкте куткаруучулар – атайын окутулган адамдар күзөттө турган куткаруу секилерин орнотууну сунуштайм. Мындан тышкары куткаруучулар ыкчам жетүүсү үчүн сууга түшүү аймагы чектелиши керек, анткени чөгүп бара жаткан адамды куткарууда ар бир секунд кымбат», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: