Menu

Казакстан Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөдө

Бөлүшүү:

Казакстан бүгүн, 16-декабрда Эгемендүүлүк майрамын белгилеп жатат. Туура 25 жыл мурун Казакстандын суверенитеттүүлүгү жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган. Бул өлкөдөгү башкы майрам болуп саналат.

Көз карандысыздык күнүнө арналган иш-чараларда президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтерин белгилеп, бул жылдар аралыгында калктын байгерчилик дэңгээлин жогорулатуу мүмкүн болгонун билдирди. Мындан тышкары Назарбаев өкмөткө 2017-жылы 1-июлдан тарта пенсиянын жана баланын төрөлүшүнө байланыштуу бериле турган бир жолку жөлөк пулдун көлөмүн 20 пайызга көбөйтүүнү тапшырды.

Бүгүн Нурсултан Назарбаев Казакстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган монументти ачты. Салтанат ЭКСПО көргөзмөсүнүн аймагында өттү. Өз сөзүндө Назарбаев монумент келечек муундарга жана алдыда боло турган ЭКСПОнун конокторуна арналганын билдирди.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдык монументин 3,5 ай ичинде курушту. Ал каррара мраморунан жасалган. Монумент катуу шамаалга туруктуу уникалдуу конструкцияга ээ.

Казакстандыктар бүгүн дагы эки датаны эскеришүүдө. Бири – Алматыдагы студенттердин жана жумушчу жаштардын толкундоолору болгон 1986-жылдагы Декабрь окуялары. Экинчиси – Жаңы-Өзөн окуясынын беш жылдыгы. Анда полиция иш таштаган мунайчыларга каршы ок чыгарган. Расмий маалыматтар боюнча Жаңы-Өзөн окуясы маалында 16 адам өлгөн жана жүздөн ашууну жаракат алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: