Menu

Атамбаев жыл этегине чейин Индия менен Орусияга барат

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев жыл этегине чейин мамлекеттик сапар менен Индияга барат. Ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал саммитине катышат.

Индияда тараптар саясий диалогдун мындан аркы өнүгүшүн, соода, аймактык коопсуздук жана эл аралык уюмдар алкагында өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Январдын башында президент Кытайга сапар жасап, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Буга чейин президент декабрда Өзбекстанга да барып, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөрү жана Самарканда Каримовдун мүрзөсүн зыярат кылары айтылган. Маалымат азырынча расмий бышыктала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: