Menu

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму өз ишин аяктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2016-жылдын 16-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму өттү.

Күн тартиби боюнча 4 маселе каралды:

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2016-жылдын 30-июлундагы №154 Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу.
  1. “Балдарды асыроого, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө, ошондой эле жатак мекемелерге аныктоо боюнча мыйзамдарды жергиликтүү соттор тарабынан колдонуусу боюнча” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу.
  1. “Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү жоюудагы айрым маселелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу.
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамынан кээ бир мүчөлөрүн чыгаруу жана жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.

Пленумдун отурумуна Жогорку соттун судьялары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана судьялары катышышты.

Ошону менен бирге, Пленумга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Людмила Усманова, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун юридикалык башкармалыгынын өкүлү менен Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын өкүлү катышты.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2016-жылдын 30-июлундагы №154) ылайык Жогорку соттун Пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп саналат.

Сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын кароонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча алуучу түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму Жогорку соттун төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу чакырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: