Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарындан чыккан аттуу-баштууларды чогултуп, борбордогу эң чоң ресторанга сыйлаптыр. Арасында крим дүйнөдө жүргөндөрү да бар экен. Максаты облусту өнүктүрөлү деген экен. Эми бул «кара баланын» жөн эле шылтоосу го деп койдук. Чай-пай берүүнүн максаты башка жакта жаткандай. Жакында парламент тарайт деген кептер жүрүп жатат. Анын үстүнө Аманбай Кайыпов иштен алынат деген да имиш бар. Ошонун алдында элдин башын бириктирип, бийликке көрүнүп коеюн деген го кайран кара бала. Деги аман эле болсунчу.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ