Петр Каримов
“Өзбекстан аба жолдору” компаниясы Өзбекстандын биринчи президентинин уулу Петр Каримов жумуштан өз каалоосу менен бошотулганын билдирди. Каримовдун баласы буга чейин авиакомпанияны “айлык акымды төлөбөй койду” деп айтыптаган.
Улуттук “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниясынын маалымат катчысы Зумрад Шоджалилова билдиргендей, Петр Каримов 2017-жылы өз каалоосу менен иштен кеткен. Анын айтымында, авиакомпания Петр Каримовго толук эсептелген айлыгы менен документтерин алып кетүү боюнча билдирүү жөнөткөн.
– Соттон чакыруу ала элекпиз. Петр Каримов чындыгында эле биздин Москвадагы өкүлчүлүгүбүздө 2004-жылдан 2017-жылга чейин иштеген. Ал өз каалоосу менен жумуштан кеткен – биз буйруктарды карап чыгып, бул фактынын далилин таптык. Андан кийин эмне болгону белгисиз. Себеби ал кезде бизде башка жетекчилик болгон. Бул окуя боюнча жарыяланган макалаларда кайсы бир “парашюттар” жана төлөмдөр жөнүндө сөз болгон, бирок бул биз үчүн таптакыр түшүнүксүз жана бул суроолорго комментарий бербейбиз, – деди Зумрад Шоджалилова.
Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун биринчи никедеги уулу Петр Каримов ”Өзбекстан аба жолдору” компаниясынан төлөнбөй калган айлыгын алып берүү өтүнүчү менен Москванын Тверь райондук сотуна кайрылган.
Сот отурму 24-октябрга дайындалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ