Menu

Өлкөдө альтернативдүү үчүнчү күч калыптанууда

Бөлүшүү:

Барган сайын саясаттын казаны кайнап, жакынкы күндөрү түрдүү кызыктарга күбө болот окшойбуз. Президент Жээнбековдун бир жылдык иш үзүмүнүн жыйынтыгын утурлай өлкө башчысына экс-президент Атамбаев баш болуп, бир катар суроолор менен чыгышары каңкууланууда. Ал ортодо президенттин бир жылдык датасын утурлай Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров баштаган саясый күчтөр курултай өткөрүү боюнча мунасага келип жатышканы күбүр-шыбыр кепке айланды. Ал эми мындай топтордон айырмаланган айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев башында турган Адахан Мадумаров, Рита Карасартова, Темир Сариев сыяктуу үлкөндөр ушул күндөрү өз ара кеп-сөзгө келишип, өлкөдөгү үчүнчү саясый күч катары жакынкы күндөрү баш көтөрүп чыгышары күтүлүүдө. Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда, бул топ Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Темир Сариевдин электоратын өздөрүнө буруу менен келечектеги шайлоолорго чоң күч катары даярдык көрүшөрү, ага удаа бүгүнкү бийликтин катачылыктарын тизмектөө менен оппозициялык иш-аракеттерин күчөтүшөрү тууралуу кеп кетти. Бул жагынан өңчөй үлкөндөр үймөлөктөшсө, Атамбаев тиягынан канжарды кындан сууруп чыкса, жазга карай буларың азыркы бийликти алдастатып коюшпайбы?..

Канжар Борпошев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: