Ысык-Көл облусундагы Кашат айылынын 51 жаштагы тургуну 12 жаштагы кошуна кызын зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, укук коргоо органдарына секелек кыздын апасы арыз менен кайрылган. Мас эркек жаш кызды зордуктоого аракет жасап жатканда, кыздын атасы аны көрүп калып, зөөкүрдү ур-тепкиге алган. Айылдын бир нече тургундары дагы зордуктоого аракет кылган кишини уруп, өздөрүнчө жазалоого аракет кылышкан. Бирок жергиликтүү аксакалдар аларды ажыратып, милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 39-161-беренелери “Зордуктоого аракет жасоо” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга эки айга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ