Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламент жана өкмөттүн жоопкерчилигин күчөтүү максатында баш мыйзам өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата ал Астанадагы жыйында сөз сүйлөп жатып, президент, өкмөт жана парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жөнүндө кеп козгоду.
“Учурдун талабына жараша парламент менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылдыгы келип чыкты. Атайын комиссия бул маселени иликтеп, керектүү мыйзамдарды, зарыл болсо Конституцияны өзгөртүү боюнча пикирлерин билдириши керек», -деди Нурсултан Назарбаев.
https://www.youtube.com/watch?v=Jt_jNRD_qpk&feature=push-u&attr_tag=Al6AifDoMdw-6
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ