Оргу-баргы жүргөн, оюндагысын ойлонбой айткан бирөө бар. Нурпазыл Атамбаев деген экс-депутат. Аз күн мурун өзүнчө опурулуптур. «Мен башында эле чүйлүктөр бириге албасын айткам. Мына көрдүңөрбү? А биз болсо ай сайын семиз байтал союп, учаны кезектеше жейбиз» дегени кандай? Эми ушу эт жегенин кеп кылып, оозун чоё мактанабы? Курсагы кучак Нурпазыл андан көрө акыл пештеп көрсө болмок. «Мамлекет үчүн эмне кылдым?» деп. Таңгаласың, «Жоро бозого» ушундай жеке басарларды чогултуп алып, акыр аягы Улукбек Ормонов эмне табат болду экен?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ