Menu

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Русгидро” Кыргызстанга келип жатканда ГЭСтерди курбасын биз дароо эле билгенбиз”

Бөлүшүү:

-“Русгидро” Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Нарын каскаддарына короткон акчаларды Кыргыз өкмөтү төлөп бербесе Эл аралык сотко арыздана турганын билдирди. Буга эмне негиз болуп бере алат?

-Негизи Кыргыз­стан менен «Русгидронун» ортосундагы чоң документ бул келишим. Кайсыл келишимдин негизинде булар иштеп жатты эле? Кээ бирде билбестиктен, болбосо атайылап туруп келишимдерди түзүп ооздорун ачып олтурган, өзүнүн милдеттенмесин билбеген адистердин зыяны деп билсек болот. Мисалы, Кытай менен болуп жаткан келишимдерде сотко кире турганукугун алып салганда Кыргызстан үчүн чыккынчылык мамиле болгон. «Русгидро» дагы Кыргызстанга келип жатканда ал ГЭСтерди курбасын биз дароо эле билгенбиз. Анткени эсеп-кысаптарды жасап көрсөк бул инвестициялык проектиде бизге пайдасы жок болчу. Эгер ГЭСтер курулуп калганда өндүрүп чыгарган электр энергиянын баасы 5 сом 60 тыйындан айланмак. Ошондой чоң көлөмдө чыгарып алып, аны кайда сатмак эле деген маселе жаралган. Биздин мамлекеттин жаңы инвестор издеп жатабыз дегени дагы калп. Буга эч кандай инвестор келбейт. Себеби өтө кымбат турган обьект болуп эсептелинет. Ошондуктан Россия атайын келген Өзбекстанга кылыгын көрсөтөйүн деп туруп, бир тараптуу чыгып кетти. Ошондуктан биздин адистер баардык келишимди туура түзгөн болсо анда сот эч нерсе кыла албайт. Эгерде келишимди алар айткандай түзүп койсо анда акчаны биздин мамлекет төлөп бергенге туура келет. Келишимдер так даана түзүлсө анда арбитраж­дык сотту утканга бизге ошол негиз болуп бере алат. Тилекке каршы чала түзүлүп калса анда ошол нормаларга карманып туруп эле “мына силердин келишимиңер, жоопкерчиликти алгансыңар” – деп туруп 37 миллион долларды кыргыз өкмөтүнүн мой­нуна илип коёт.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: