Menu

Журналисттерди коргоо комитети: 2016-жылы кеминде 48 журналист өлдү

Бөлүшүү:

Басма сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык уюм 2016-жылы кызматтык милдетин аткаруу маалында каза болгон журналисттердин саны өткөн жылкыга салыштырмалуу азайганын, бирок куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан аймактарда өлгөн журналисттер көбөйгөнүн билдирди.

Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитетинин (Committee to Protect Journalists, CPJ) 19-декабрда жарыяланган баяндамасында согуш болуп жаткан аймактарда кабарчы жана фотосүрөтчү катары иштөө кыйла кооптуу болуп баратканы айтылат. CPJ маалымдагандай, куралдуу кагылышуулар болуп жаткан жердердеги журналисттердин өлүмү 2013-жылдан бери быйыл эң көп болгон.

Баяндамада 2016-жылдын 1-январынан 15-декабрына чейин кызматтык милдетин аткаруу маалында кеминде 48 журналист (өткөн жылы 72 журналист каза болгон) өлгөндүгү белгиленген. Бирок анда дүйнө жүзү боюнча дагы 27 журналисттин өлүмү иликтенип жаткандыгы кошумчаланган. Алардын жыйынтыгы менен журналисттердин өлүмүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүнө тиешеси бар-жоктугу аныкталат.

CPJ аткаруу директору Жоэл Саймон өткөн жылга караганда быйыл азыраак журналист каза болгондугун салыштырмалуу жакшы жаңылык деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: