Акыркы эки жылда Тажикстанда төрт ири банк каржы каатчылыгына дуушар болду. «Тожиксодиротбанктын» жетекчилиги банкка тиешелүү болгон турак-жайларды, кеңселерди жана авто унааларды аукцион аркылуу сатууда.
Акция эки жумага уланат. Бул демилгенин аркасы менен аманатчылар банктын активдерин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
19-декабрдан тарта аталган банк банкомат аркылуу кардарларды кайрадан тейлей баштады. Бирок бир киши күнүгө 100 сомони өлчөмүндө гана накталай акча ала алат. Ошол эле маалда кардарлар POS-терминалдардын жардамы менен соода борборлорунда 200 сомониге чейин накталай эмес төлөм жүргүзүү укугуна ээ.
«Тожиксодиротбанк» 2017-жылдын 3-январынан тарта бекитилген графиктин негизинде кардарлардын аманаттарын кайтарууну пландоодо. Жарандар бир жыл бою ай сайын депозиттеги акчаларын бөлүп-бөлүп алып турушат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ