Menu

Мамлекеттик айыптоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою абакта калтырууну сурады

Бөлүшүү:

Июнь окуясы боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун бүгүнкү сотунда мамлекеттик айыптоо тарап аны өмүр бою абакка кескен мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырууну сурады. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов билдирди.

“Прокуратура биринчи, экинчи инстанция чыгарган өкүмдөр туура деп эсептеп жатат. Ошонун негизинде аларды өзгөртпөй, күчүндө калтыруу керектигин өтүнүштү. Бүгүн тараптардын жарыш сөзү аяктады”,-деди ал.

Кийинки сот жараяны 10-январда уланат. 65 жаштагы Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда укук коргоочулук менен алектенген. 2010-жылдагы июнь коогалаңы учурунда “улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар, адвокаттар жана Аскаров өзү да күнөөнү күч менен моюнга алганын айтып келишет. Тергөө болсо анын күнөөлүү экенин кайталоодо.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын айтып, бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган болчу. 4-октябрда башталган сот иши ар аптанын шейшемби күнү Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде өтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: