Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөдө тыюу салынган «Ак-Такфир уаль-Хиджра» уюмуна тиешеси бар делген 16 кишини кармаганын билдирди. Атайын кызматтардын рейди бир эле учурда Алматы, Актөбө, Атырау облустарында жана Алматы шаарында өтүп жатат.
Улуттук коопсуздук комитети кармоолор качан жана кайсы жерде болгонун тактап айткан жок. Болгону террордук уюктарды жок кылуу боюнча атайын операция бүгүн башталганы маалымдалды. Кармалгандар кастыкты козутуу боюнча дагы айыпталышууда.
Казакстанда соттун чечими менен «Ак-Такфир уаль-Хиджра» уюмунун ишмердүүлүгүнө 2014-жылы тыюу салынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ