Украина президенти Петр Порошенко Германия канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Донбасстагы кырдаалдын курчушу жана туткундарды алмашуу маселелерин талкуулашты.
Порошенконун маалымат кызматы билдиргендей, Донбасс боюнча сүйлөшүү маалында өзгөчө көңүл Светлодарск шаарындагы абалга бурулду.
ЕККУ ушул жума ичинде аталган калаада жардыруулардын саны төрт эсеге өскөнүн кабарлаган.
Порошенко менен Меркель Донбасста ок атышууну токтотуу маанилүү экенин белгилеп, барымтага алынган украиналыктарды токтоосуз түрдө бошотууга чакырышты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ