Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёевдин 24-декабрда Самарканддагы жолугушуусунда чек ара маселеси талкууланды.
– Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар бул маселенин үстүндө иштөө тапшырмасын алышты. 2017-жылдын январынын ортосуна чейин чек араны тактоо боюнча тараптар бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.
Эки мамлекеттин өкмөттүк жумушчу тобу быйыл августтан бери беш ирет жолугуп, чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун талкуулашкан.
Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы тактала элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ