Берлиндин жүздөгөн жашоочусу үч миң чакырымга созулган Сириянын Алеппо шаарына чейинки жолду жөө басып өтүүнү чечишти. Акциянын катышуучулары качкындар Европага жетүү үчүн баскан жолду кайталоону көздөшөт. Алар мындай жол менен сириялык мигранттардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдурууну максат кылышат.
Жекшембиде Германия бийлиги Алеппонун жашоочулары үчүн гуманитардык жардамга деп 15 миллион евро бөлө тургандыгы белгилүү болду. Ал акчанын сириялык дарыгерлердин, санитарлардын жана психологдордун эмгек акысын төлөп берүүгө жумшалары кабарланууда. Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер БУУну да Сирияга жардам берүүгө чакырды.
Алеппо жапырт бомбалоолордон зыян тарткан. Төрт жыл бою Сирия президенти Башар Асад менен куралдуу оппозициянын топтору шаар үчүн күрөш жүргүзүп келишкен. Декабрдын ортосунда Орусиянын аба күчтөрүнүн колдоосу алдында өкмөттүк армия Алепподогу көзөмөлүн калыбына келтирип, жай тургундар менен куралын таштаган көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялап баштаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ