Menu

Назарбаев: Астана Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө аянтча түзүүгө даяр

Бөлүшүү:

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан Сирия жаңжалын жайгаруу боюнча Орусия, Иран жана Түркия ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча түзүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Назарбаев 26-декабрда Санкт-Петербургда Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда «Казакстан сүйлөшүү үчүн бардык тараптарды Астанада кабыл алууга даяр» деди.

«Казинформ» маалымат агенттигинин билдиришинче, Түркия жана Иран президенттери Назарбаев менен сүйлөшүү маалында бул иш-чарага катышууга макулдуктарын беришкен.

23-декабрда Путин билдиргендей, Орусия, Иран, Түркия жана Сирия президенти Башар Асад калыс тарап катары Астана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө аянтча болуп бере алат деп макулдашкан. Орусия лидери өткөн аптада бул өлкөлөр ок атышууну токтотуп, Алепподогу жай тургундарды жана козголоңчуларды көчүрүү менен жагдайды жайгарганын билдирди. Путиндин айтымында, учурда аталган өлкөлөр ок атышпоо режимин Сириянын бардык аймактарына жайылтып, кеңири диалог курууга аракет көрүп жатышат.

Буга чейин Орусия, Иран жана Түркия Тегеран менен Москванын өнөктөштөрү болгон Сириядагы режимдердин ортосундагы, ошондой эле Түркия менен шерик көтөрүлүшчүлөр арасындагы тынчтык келишим үчүн кепил катары өтүшөрүн билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: