Menu

Фото – Икрам Илмиянов өлкөдө ким кожоюн экенин көрсөттү

Бөлүшүү:

Бул сүрөткө жакшылап баам салып караңыздар, 24-декабрь күнү Ош шаарында жаңы салынган спорт комплексин ачуу учурунда тартылыптыр.

Биринчиден, Икрамжан Илмиянов азыр жумушсуздардын катарына кирет. Президенттин кеңешчиси кызматынан октябрь айында бошотулгандан бери башка кызмат бериле элек.

Экинчиден, расмий адамдар, Ош облусунун “губернатору” Таалайбек Сарыбашов менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өздөрүнүн расмий статусуна карабай “жумушсуз жүргөн” Илмияновдон артка, экинчи катарга сүрүлүп калган. Ал эми КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тууралу унчукпай эле коёлу.

Үчүнчүдөн, лентаны кесүүгө даярданып калган КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “шефтен мурун лентаны кесип алып, шефтин каарына калбайын” деген чиновниктин психологиясы менен өзүнүн шефи Икрамжан Илмияновдун лентаны биринчи кесүүсүн күтүп турат. Сооронбай Жээнбековдун эки көзүн караңыздар, өзүнүн кайчысына эмес Илмияновдун кайчысына кадалган.

Демек, КР премьер-министри, Ош облусунун “губернатору” жана Ош шаарынын мэри “жумушсуз жүргөн” Икрамжан Илмияновдун көмүскө статусу алардан бийик экенин таанышат.

Анткени Икрамжан Илмиянов азыр түштүк чөлкөмүндө Атамбаевдин өзгөчө тапшырмасы менен “кийинки президентти түштүктөн чыгарам, бийликте аймактар аралык баланс сакталышы керек” деген миссия менен жүргөнүн алар жакшы билишет. Ал миссия акыры келип, Атамбаевдин мураскери боло турган Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу жеңишин камсыз кылыш керек. Бул сүрөттө Икрамжан Илмиянов жумушсуз болсо да өлкөдө ким кожоюн экенин көрсөтүп турат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Фото: “Турмуш”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: