Menu

Түркмөнстанда президенттикке тогуз талапкер катталды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда 12-февралда өтө турган президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны тогузга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Бул аптада Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары Марый аймагынын башчысы Жуманазар Аннаевди, Сейдин мунай иштетүү заводунун директору, межлис депутаты Рамазан Дурдыевди, Дашогуз аймак башчысынын орун басары Меретдурды Гурбановду, Ахалск аймагынын экономика жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Сердар Желиловду жана мамлекеттик «Гарабогазсульфат» концернинин башкы директору Сулейманнепес Нурнепесовду каттап, бардыгына президенттикке талапкер күбөлүгүн тапшырды.

Ага чейин өлкөнүн учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов, «Рысгал» банкынын башкы директору жана парламент депутаты Бекмурат Аталиев, Түркмөнстандын Агрардык партиясынын Марый аймактык комитетинин төрагасы Дурдыгылыш Оразов, жана Мамлекеттик тамак өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Максат Аннанпесов талапкер катары катталган.

25-декабрда Бердымухамедов шайлоо алдындагы программасын мамлекеттик телеканал аркылуу тааныштырып, артып калган эфирдик убактысын башка талапкерлерге бере турганын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: