Menu

АКШ Сенатында орусиялык хакерлердин киберчабуулдары боюнча угуулар өттү

Бөлүшүү:

Угуулардын жүрүшүндө чалгындоо кызматынын өкүлдөрү АКШнын Демократиялык партиясынын серверлери менен Хиллари Клинтондун жардамчысы Жон Подесттин электрондук жазышууларына хакердик чабуул жасоого Орусиянын тиешеси бар деп ишенимдүү айтууга болорун белгилешти.

Сенаттагы куралдуу күчтөр комитетинин башчысы Жон Маккейн киберчабуулдарга Орусиянын тиешеси бар экендиги жөнүндөгү чалгындоо кызматынын маалыматтары республикачы Дональд Трамп жеңишке жеткен президенттик шайлоонун жыйынтыктарына шек келтирбей турганын белгиледи.

АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Жеймс Клэппер орусиялык хакерлердин шайлоо жараянына кийлигишүүсү тууралуу президентке бериле турган баяндамага кошумча дагы бир доклад даярдалганын билдирди. Анда мамлекеттик сыр деп эсептелген маалыматтар жок болот, бирок АКШга каршы жасалган киберчабуулдардын мотивдери тууралуу айтылат. Клэппердин айтымында, киберчабуулдар Орусиянын расмий кызмат адамдарынын жактыруусу менен жүзөгө ашырылган. Бирок чалгындоо кызматынын башчысы алардын аты-жөнүн атоодон баш тартты.

Маккейн Орусия тараптан таркатылып жаткан жалган маалыматтарга каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгууга, ошондой эле киберкоопсуздук тармагында хакердик чабуулдарга жооп берүү системасын түзүүгө чакырды. Ал АКШга киберчабуулдарды жасап жаткан өлкөлөрдүн катарына Орусияны, Кытайды жана Түндүк Кореяны киргизди. Жеймс Клэппер киберкоркунучтарга каршы туруу адам укуктарына зыян алып келбеши керектигин белгиледи.

Чалгындоо кызматынын башчысы Москва киберчабуулдардын жардамы менен шайлоого гана таасир этпестен, АКШ менен Европа ортосундагы кызматташтыкты бузууга аракет кылганын ырастады. Анын пикиринде, азырынча орусиялык киберкоркунучтарга каршы туруу боюнча НАТОнун алкагындагы кызматташтыкты ишенимдүү деп айтууга болбойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: