Menu

Атамбаевге кайрылуу: “Президенттик мөөнөтүңүз бүтөр алдында айыл жана айыл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө эшик ачып кетиңиз”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти

А.Ш. Атамбаевге

Кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Өткөн 2016-жылды “Тарых жана Маданият жылы” деп атаганыңызга байланыштуу тарыхыбыз такталып, маданиятыбызда айрым жылыштар орун алды. Мунун далили болуп дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн “Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну” болду.

Эми “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деген сөздүн чындыгы бар болсо, анда айыл жеринде жашаган калктын жана чоң тармак деп аталган айыл чарбасын ойлонууга да кезек келди го деп ойлойбуз. Анткени, калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү айыл жеринде жашайт. Ошондой эле биздин өлкө агрардык болгондугуна байланыштуу, ички дүң продукциянын басымдуу көпчүлүгүн айыл чарбасы берерин эске алсак, анда айыл жери менен айыл чарбасы өлкө башчысынын колдоосуна муктаж.

Эмне үчүн дегенде айыл жеринде көйгөйлүү маселелер көп. Атап айтканда: таза суу, бала-бакча, мектеп, мончо, жол, ооруканалар жетиштүү түрдө чечилбей келет.

Ошондой эле, айыл чарба тармагында трактор, комбайндар менен соко шаймандардын эскилиги, жер семирткичтердин жетишсиздиги, таман акы, маңдай тери менен өндүргөн азык-түлүктөрүн сата албай, кампаларда чирип жаткандыгы чоң көйгөйлөрдү жаратып жатат. Мындай терс көрүнүштөрдү жөнгө сала турган бирден бир иштиктүү иш-чаралардын бири болуп быйылкы 2017-жылды “Айыл жана айыл чарба жылы” деп атоону сунуш кылабыз.

Урматтуу президент!

Өзүңүз айылда туулуп өсүп, айыл жериндеги көйгөйлөрдү жакындан билген адам катары, президенттик мөөнөтүңүз бүтөр алдында айыл жана айыл чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө эшик ачып кетет го деген үмүттө 2017-жылды “Айыл жана айыл чарба жылы” деп аталышын айылдыктар сизден көптөн-көп өтүнөт жана суранып күтөт.

Жалал-Абад облусунун айылдык жарандарынын суроо, талаптарын кагазга түшүргөн,

Сарымсак Бекботоев,  Абды Сүйөркулов атындагы коомдук фондунун төрагасы.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: