Menu

Казакстанда убактылуу каттоого туруу милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Казакстанда туруктуу жашаган жеринен бир айдан ашык мөөнөткө чыгып кеткен казакстандыктар Калкты тейлөө борборуна убактылуу дареги боюнча каттоого турушу керек. Бул үчүн алар мамлекетке 227 теңге төлөшөт.

Тартип башка шаарда мейманканаларда жашагандар менен катар узак мөөнөткө дарыланып ооруканада жаткандарга дагы тиешелүү. Алар оорукана жана мейманкана дареги боюнча каттоого алынышат. Мындан баш тарткан учурда жети айлык эсептик көрсөткүч менен, башкача айтканда 16 миң теңге айыппул төлөшөт.

Жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча каттоого алуу мурда өкмөттүн токтомунун деңгээлинде жүргүзүлүп келген. Учурда бул тартип миграция мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр менен бекемделди.

Убактылуу жашаган жери боюнча каттоого туруу менен жарандардын ээн-эркин жүрүү укуктары чектелбеси жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келери айтылууда.

Айыппул убактылуу каттоодон баш тарткандарга гана эмес, ижара берүүчүлөргө дагы салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: