Menu

Грузияда саясатчынын уулу оппозициялык телеканалдын башчысын сабагандыгы үчүн камалды

Бөлүшүү:

Грузияда 2008-жылкы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон талапкер Леван Гачечиладзенин уулу Рати Гачечиладзе өлкөдөгү эң популярдуу жана таасирдүү «Рустави-2» телекомпаниясынын башкы директору Ника Гварамияны сабагандыгы үчүн камакка алынды.

ИИМдин маалыматына караганда, окуя ишемби кечинде, Ника Гварамия атасынын тажиясынан кийин достору менен барган Dining Room кафесинде болгон. Ал маалда кафеде Рати Гачечиладзе да достору менен жүргөн. Ал күтүүсүздөн жарыктын өчүп калышынан пайдаланып оппозициялык телеканалдын башкы директоруна барып, аны бир нече жолу башка катуу урган. Гварамия бир канча убакыт эс-учун жоготкон. Кийин ал кол салган адамды жазалоо үчүн болгон аракетин көрө турганын айткан.

Бир нече сааттан кийин Рати Гачечиладзе полицияга өзү барган. Ага чейин ал «Фейсбуктагы» баракчасына Ника Гварамия «Михаил Саакашвилинин президенттиги маалында режимдин лидерлеринин бири болгондугун» жана ошол жылдары өз үй-бүлөсү тарткан 9 жылдык азап үчүн андан өч алууну каалаганын жазган.

Леван Гачечиладзе Ника Гварамия президент Саакашвилинин администрациясында башкы прокурордун орун басары болуп турганда «адам укуктарын көп бузгандыгын» айтып, уулунун бул аракетин айыптоодон баш тартты. Отуз жаштагы Рати Гачечиладзе Гварамияны сабагандыгы үчүн үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

“Рустави-2” телекомпаниясы өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин достору — украиналык ишкерлер Леван жана Георгий Караманишвилилерге таандык. Экс-президент менен Ника Гварамия өлкөнүн азыркы бийлигин, анын ичинде «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзин Иванишвилини телекомпанияга ээлик кылуу аракетин көрүүдө деп бир канча жолу айыпташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: