Menu

Ташманбет Кененсариев, профессор: “Тарыхый документтерде XVII-XIX кылымдарда жалпы кыргыздардан хан даражасы менен аталгандар төмөнкүлөр: «багыш уруусунан Тейиш Көкүм, сарбагыштан Кудаян Сарсеит уулу, Маматкулу Үчүке уулу, Ормон Ниязбек уулу”

Бөлүшүү:

1. Эң биринчи, улут тарыхы менен уруу тарыхы кагылышат деген пикир туура эмес. Анткени, улут тарыхы деген мамлекеттин, өлкөнүн, жалпы элдин тарыхы, ал эми уруу тарыхы ошол элдин ички түзүмүн түзгөн уруулардын тарыхы эмеспи. Эгер уруунун тарыхы ынанымдуу далилдерге негизделип, мифтештирилбей, илимий көз караштарды эске алуу менен жазылса анда жалпы элдин тарыхын байытып, ага кошумча киргизип, тарых илимине да пайдасын тийгизет. Ал эми уруунун тарыхы ага заказ берген адамдардын кызыкчылыгын канааттандырууга, ошол уруунун башчыларын даңазалап, кээде башка уруулардын кызыкчылыгын басмырлоого чейин барса, айрым учурларда ойдон чыгарылган пикирлер менен коштолсо, албетте анда тарых илимине зыян алып келет.
2. Тилекке каршы азыркы учурда тарых илиминде айрым жагымсыз толкундар болуп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Профессионалдуу тарыхчы эмес адамдар тарыхка кызыгып, окумуштуу-тарыхчы болуп кетип жатышат. Тарых илиминин өзүнүн мыйзам ченемдери, принциптери бар. Аны профессионалдуу тарыхчылар жогорку окуу жайынын тийешелүү адистиктеринде окушат. Анан атайын тигил же бул теманын үстүндө изденишет, изилдешет жана илимий чыгармаларды жазышат. Ал эми профессионал эмес авторлор көп учурларда псевдотарыхка кирип кетишип, тарыхый чындыкты мифтештирип жиберишет. Анткени, аларда алгач “мен мындай деп далилдешим керек” деген максат коюп алышып, аны ар кандай псевдофактылар менен далилдөөгө аракеттенишет да, “жомокко” же “жалган фактыларга” кирип кеткендиктерин байкабай калышат. Демек, анализ-синтез ыкмасы колдонулбай калат. Мындай тенденция айрыкча постсоветтик мезгилде күч алды, анткени, мурункудай чектөө (цензура) жок, ар ким өзүнүн пикирин эркин айта алат, демократия жана плюрализм үстөмдүк кылууда. Ошондуктан коомчулукта “фолькхистори” (жомок тарых) тенденциясы пайда болду. Кыргызстанда журналист, тилчи мындай турсун, айыл чарба адиси, математик, физик, геологдор, атүгүл комузчу-музыканттар да килейген китептерди жазып, “тарыхчы” болуп жатып калышты. Бизде гана эмес, коңшуларда да бул тенденция катуу өнүккөн. Айрыкча ал Казахстан менен Өзбекстанда күч.
3. Тарыхты мифтештиргендердин таасири профессионал тарыхчыларга да тийип келгенин көрүп жатабыз. Маселен, “жайсаңчылардын” таасири айрым олуттуу тарыхчыларды да ийиктиргени белгилүү. Тигил же бул, айрыкча материалдык кызыкчылыктарга ээрчиген тарыхчылардын айрымдары туюп-билип туруп эле тарыхый фактыларды мифтештирип жиберген учурлары да бар. Аты-жөнү өлкөгө таанымал тарыхчылардын кээ бирлери да айрым мифтештирилген тарыхый китептерге “авторлош болуп” же “башкы редактор” аталып чыгып кетип жатат.
4. Өтө эле мифтештирилген тарыхый китептерди орто окурман деле баамдай алат. Ал эми жарым жартылай мифтештирилген чыгармалар менен илимий-популярдуу чыгарманын айырмасын даана билүү жөнөкөй окурмандарга кыйыныраак. Анын үстүнө анын авторлорунун курамында белгилүү бир тарыхчынын аты-жөнү бакыйып жазылып турса, маани бересиң да. Бирок, баары бир аларды чыныгы илимий чыгарма катары кабыл алууга болбойт.
5. Бирок, кантсе да жогорку айтылган “фолькхистори” тенденциясынын да коомдо мааниси бар. Анткени, алар коомчулукту тарыхка кызыктырат, өз элинин тамырын билүүгө умтултат. Кайсыл бир деңгээлде мекенчилдик, тарбиялык да мааниге ээ. Менимче тарыхты мифтештирүү бул азырынча убактылуу бир толкун. Ал толкун акырындап азайып, таанып-билүүчүлүк деңгээли өскөн окурмандар өздөрү эле алардан алыстап калат го дейм.
6. Кыргыз тарыхын байыркысынан баштоо керекпи, же уруулардын тарыхынан баштоо керекпи деген диллеманын кереги жок. Мындайынан да, андайынан да баштай берүүгө болот. Тек ар бир тарыхый жыйынтык объективдүү, илимий принциптерге негизделген болуусу шарт.
7. Кыргыздарга байыркы замандарда каршы тарапта турган элдер деле кыргыз тарыхы. Анткени, кыргыз эли 3000 жылдык тарыхында көптөгөн урууларды өзүнө сиңире алган. Манастын “курама жыйып журт кылдым” дегени бекеринен эмес. Маселен, азыркы 40 уруулуу кыргыздын бир тобу бир кезде башка элдер болушкан, кийин кыргызга бириккен. 1952-жылкы илимий семинарда кыргыз эли үч компоненттен туруп, XVI кылымдын алдында гана эл болуп калыптанганы далилденген. Ал үч компоненттин бири жергиликтүү (автохтондуу) байыркы кыргыздар, экинчиси – Енисей тараптан XI – XIV кылымдар ичи жер которуп келгендер, үчүнчүсү – башка элдердин кыргызга кирип, сиңип кеткендери. Акыркыларынын ичинде монгол, кыргыз эмес, башка түрк уруулары да арбын.
8. Биздин заманга чейинки III-I кылымдарда кыргыз элинин өз мамлекеттүүлүгү болгон. Биздин замандын VI кылымдарына чейин кыргыздар мамлекеттүүлүгүн жоготкон. Ал эми VI-X кылымдарда Энисейде, Алтайда мамлекеттүүлүгүн өркүндөтүп, атүгүл “улуу көчмөн держава” түзгөнгө да жетишкен. Ошол мезгилден жакынкы аралыкка чейин кыргыз уруулары мамлекеттүүлүктү эңсеп, бирок өз алдынча түтүн булата албай келген. XVI кылымда Мухаммед Кыргыз мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө аракеттенген. Кыргыз фольклордук материалдарында жана тарыхый документтерде XVII-XIX кылымдарда жалпы кыргыздардан хан даражасы менен аталгандар төмөнкүлөр: «багыш уруусунан Тейиш Көкүм же Түлкү уулу (XVII к.), сарбагыштан Кудаян Сарсеит уулу (XVII к.), Маматкулу Үчүке уулу (XVII-XVIII к.) жана Ормон Ниязбек уулу (XIX к.) болгон делет. Ошол эле учурда азыркы тарыхчылар 1709-1876-жылдары өмүр сүргөн Кокон хандыгы өзбек, кыргыз жана тажик элдеринин орток хандыгы, демек кыргыздардын да мамлекеттүүлүгү болгон деген илимий жыйынтык чыгарышууда.
9. Мамлекеттиги жок, же саясий биримдиги алсыз уруулар албетте жоокерчилик менен өмүр сүрүп, атүгүл өз ара чабышып да келгендиги чындык. Кыргыз тарыхында мындай катаал жана татаал окуялар айрыкча XVI-XIX кылымдар ичи көп кезигет. Мындай мисалдар башка элдердин тарыхында деле арбын. Кантсе да ал окуялар биздин тарых, биздин элдин башынан өткөн чындык. Муну кабыл алышыбыз шарт.
10. Кыргыздын кырк уруусунун тарыхын изилдетүү демилгеси менен Рустам Маманов каражат бөлгөндүгү жөнүндө укканбыз. Бирок, анын натыйжасы кандай болуп жаткандыгын Асыкбек Оморов аттуу изилдөөчүдөн суроо ылайыктуу. Ал эми Алтынбек Сулайманов беш миллион каражат берип, кыргыз тарыхын жаздырып жаткан долбоор аяктап калды. План боюнча кыргыздардын эң байыркы мезгилден ушул күнгө чейинки тарыхы илимий-популярдуу жанр менен 7 том болуп даярдалып жатат. Ар бир том 650-700 беттен. Бул топтомду даярдоого 30дан ашуун тарыхчылар тартылган. Мен 5-томдун башкы редакторумун. Буйруса 7 томдук 2017-жылы толук басмадан чыгат. Коомчулук жактырса, алар орус тилине, кийин англис тилине которулмакчы. Биздин редакциялык топто тарыхый жыйынтыктарды тигил же бул көз карашка ылайыктап, же демөөрчүнүн кызыкчылыгын коргоп деген ооруудан алыспыс. Тарыхый маалыматтарды илимий гана негизде объективдүү жазууга аракеттенип келебиз. Азыркы мезгилдеги тарыхый концепция, заманбап методология жана изилдөө ыкмалары, жаңы көз караштар эске алынып, кыргыз элинин жана Кыргызстанда жашаган бардык элдердин, этностордун кызыкчылыктары бирдей коюлуп даярдалып жатат.
11. Акыркы жыйырма беш жылда кыргыз тарыхынын академиялык басылмасы аткарыла элек. Акыркы академиялык басылма эсептелген Кыргызстандын 5 томдуу тарыхы 1980-жылдары жарык көргөн. 2016-жылы гана КР Илимдер академиясынын тарых институнун демилгеси менен 3 томдуу Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы аттуу академиялык басылмасы даярдалды. Анын экинчи томунун олуттуу жерлерин жазууга биз да активдүү аралаштык. Бирок, расмий түрдө ал үч том 2017-жылы толук басмадан чыгуусу пландалып жатат. Сапатын окумуштуулар жана жалпы окурмандар баалашаар.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: