Menu

Өзбекстан 27 өлкө үчүн виза режимин жоюуну 2021-жылга чейин жылдырды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу мөөнөтүн 2017-жылдын 1-апрелинен 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Өткөн жылдын декабрында Мирзиёев өлкөгө 30 күндөн ашык эмес мөөнөткө кирген туристтер үчүн визаларды жоюуну сунуштаган жарлыкка кол койгон. Ал ошондо эле профилдик министрликтер менен мекемелерге 2017-жылдын 1-январына чейин бирдиктүү туристтик визаларды киргизүү, ошондой эле виза алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырган.

Документте визаларды жоюу мөөнөтүн жылдыруу чечими «туристтик ишмердүүлүктүн туруктуу өнүгүүсү жана чет өлкөлүк туристтер менен жергиликтүү тургундардын коопсуздугу менен саламаттыгын камсыздоо үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү максатында кабыл алынгандыгы» айтылат.

Визалык режимди жоюу мөөнөтүн жылдыруу тууралуу сунуш ыйгарым укуктуу органдар тарабынан даярдалган.

Жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк туристтерди паспорт жана бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорду киргизүү да 2021-жылдын 1-январына чейин жылдырылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: