Menu

Тажик бийлиги “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөө институтунун башчысы Худойберди Холикназар кабарлады. Ал ошол эле маалда Борбор Азияда коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо үчүн Орусия жана Кытай “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын бышыктады.

Анын айтмында, Москва менен Пекин “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары Ооганстандын бир катар уезддеринде орун алган соң “Талибан” кыймылынын жетекчилиги менен диалогду баштады.

Ошол эле маалда ал расмий Дүйшөмбү бул сүйлөшүүлөргө тиешеси жок экенин, Тажикстан Ооганстандагы мыйзамдуу өкмөттү гана тааный турганын кошумчалады.

Тажик саясат таануучусу билдиргендей, “Ислам мамлекетинин” террорчулары менен күрөшүү ШКУ жана ЖККУнун негизги тапшырмаларынын бири болуп саналат. Бул уюмдарга Тажикстан дагы мүчө.

Жыл башында Кундуз провинциясынын мурдагы башчысы Умар Сафи акыркы эки жылдан бери “Талибан” кыймылы ооган коопсуздук күчтөрү менен кармаштан кийин тартып алган танктарды жана оор техникаларды Тажикстанга жөнөтүп турарын, ал жакта аларды орусиялык адистер оңдошорун айткан. Анын ырасташынча, калыбына келтирилген согуштук техникалар Пяндж аркылуу Ооганстанга жеткирилип, аларды “Талибан” кыймылы колдонот.

Өткөн жылдын соңунда Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү ооган-тажик чек арасында талиптер менен кармашуу учурунда жоочулар Орусия өндүрүшүнөн чыккан ири өлчөмдөгү куралдарды алып кетишкенин билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: