Menu

Жалал-Абадда ишкерлерге 134 каржылык кепилдик берилген

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы «Кепилдик фонд «Жалал-Абад» коомдук фонду акыркы жылдары жеке ишкерлерге жалпы суммасы 10 миллион 540 миң сом болгон 134 каржылык кепилдик берген. Бул тууралуу аталган фонддун башкы директору Канатбек Сулайманкулов билдирди.

Анын айтымында бул фонддун максаты күрөөгө коюуга каражаты жетпеген ишкерлерге бизнес үчүн банктардан насыяларды алууда каржылык кепилдик берип, алардын өнүгүшүнө түздөн-түз көмөк көрсөтүү, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү болуп саналат.

-«Кепилдик фонд «Жалал-Абад» коомдук фонду 2009-жылы Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн 2011-жылы  Жалал-Абад шаардык кеңешинин жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чечимдеринен кийин баштаган. Фонддун негиздөөчүлөрү USAIDдин жергиликтүү өнүгүү программасы жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги. Фонд түзүлгөндөн бери ишкерлерге 134 кепилдик жардамдарын бердик, алардын алтоосу өндүрүшкө, бирөөсү айыл чарбага, 98и соодага, 29у кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө тиешелүү. Берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 10 миллион 540 миң сомго барабар.  Ал эми биздин кепилдикке таянып банктар тарабынан ишкерлерге берилген насыялардын суммасы 50 миллион 340 миң сомго жетти., – дейт ал.

Эскерте кетсек, аталган фонд ушул кезге чейин жергиликтүү бюджетке 299,1 миң сом салык төлөсө, ал эми ишкерлер менен иштеп аткан банктар жергиликтүү бюджетке 1 миллион 965 миң 500 сом салык төлөштү. Ушул кезге чейин кепилдик каражаттардан пайдалануу менен 518 жумушчу орду түзүлгөн. Анын 160ы жаңы түзүлсө, 358и мурда түзүлүп, иштеп жаткан жумуш орундары.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: