Орусиянын Тергөө комитетинин өтүнүчү менен сот коррупцияга айыпталган мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин жарым миллиард рублга бааланган байлыгын жана 15 кыймылсыз мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу мекеменин төрага орун басары Игорь Краснов “Коммерсантка” берген маегинде билдирди.
Ал ошондой эле “Роснефтинин” кеңсесинде министрдин пара алып жаткандыгы тартылган фото жана видеоматериалдар бар экенин кошумчалады.
Күн мурун Москванын Басманный райондук соту Улюкаевдин үй камагынын мөөнөтүн 15-апрелге, ишти тергөөнүн убактысын 15-майга чейин узарткан.
Тергөөчү Роман Нестеровдун шейшембиде маалымдашынча, Улюкаевге каршы көрсөтмөлөрдү мурда анын кол алдында иштегендер жана “Росимущество” ишканасынын кызматкерлери беришти.
Улюкаев 14-ноябрдын түнүндө эки миллион доллар пара алып жаткан учурда кармалган. Мурдагы министр бул акчаны мамлекеттик “Роснефть” мунай компаниясынын “Башнефть” ишканасына ээлик кылуусуна шарт түзүү үчүн алганы кабарланган. Улюкаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны министрлик кызматынан бошоткон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ