Menu

Тажикстанда никени мечит имамдары гана кыя алат

Бөлүшүү:

Тажикстанда мындан ары никени ар бир молдо эмес, мечит имамдары гана кыя алат. Ал эми бул эрежеге баш ийбеген молдолорго административдик айыппул салынат. Өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комитет парламенттин төмөнкү палатасына жана Башкы прокуратурага тиешелүү мыйзам долбоорун жөнөттү.

Комитеттин диний уюмдар башкармалыгынын башчысы Хусейн Шокиров тартипке баш ийбегендер административдик, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин эскертет.

Комитеттин өкүлдөрү мындай кадамга өлкөдө чаржайыт нике кыюу өнөкөтү жайылып кеткендиктен улам барып жатышканын ырасташты.

Эксперттер мындай чара жашы жетелектер жана мурда никеси бар адамдардын ортосундагы нике кыйылышына бөгөт коет деп эсептешет.

Учурда молдолорго салына турган айыппулдун көлөмү караштырылып жатат. Тажикстанда туугандар арасында да нике турууга тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: