Бүгүн, 12-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын биринчи уюштуруу сессиясы болуп, анда депутаттарга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды. Бирок, кворумдун жетишсиздигинен төрага шайланбай, убактылуу болсо да анын орун басарын шайлашты.
Сессияны шаардык кеңешке шайланган депутаттардын аксакалы Бактияр Шерматов ачып, төрагалык кылды. Ал эми депутаттардын кворуму КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын катышпай калышынан аз болуп калды. “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары баары болуп 16 добуш менен “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзүшкөнү жарыя кылынды.
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы сессияга катышкан депутаттарга күбөлүктөрүн жана төш белгилерин тапшырышып, аларга депутаттык ишмердиктеги ийгиликтерди каалашты.
Андан соң, депутаттар шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоого киришишип, көпчүлүк коалициядан бул орунга мурда шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Эрнисбек Ормоков көрсөтүлдү жана бир добуштан шайланды.
Эскерте кетсек, болуп өткөн шайлоолордо шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт” партиялары өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ