Menu

Нурдин Абдылдаев Бишкек шаарынын мэр шайлоосунун протоколдорун жокко чыгаруу боюнча БШКга кайрылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январда Бишкек шаар мэрлигине талапкер болгон Нурдин Абдылдаев КР БШКсына Бишкек аймактык комиссиясынын 2017-жылдын 11-январындагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аткаруучу органынын башчысы – Бишкек шаарынын мэринин жыйынтыгы жөнүндө” протоколунун жана Бишкек аймактык комиссиясынын 2017-жылдын 11-январындагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аткаруучу органынын башчысы – Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө” протоколун жокко чыгаруу боюнча арызы менен кайрылды.

Н.Абдылдаев билдиргендей, шайлоо «Борбор калаанын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» КР мыйзамдары, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин Регламентинин нормаларын одоно бузуу менен өттү.

Мисалы, добуш берүү бүткөндөн кийин, “макул” деген белгиден башка ар кандай чекиттер жана башка жазуулар түрүндөгү калем сап менен жазылган кошумча “белгилер” байкалган. Депутаттарга жашыруун жана эч кандай көзөмөлсүз добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок жана жогорудагы белгилер ар бир депутаттын эркине көзөмөл кылуу максатында жасалды. Н.Абдылдаевдин пикиринде, шайлоо күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерге алдын ала атайын номер коюп чыгышкан. Кийин номер коюлган бюллетендер фракциялардын тизмелери менен берилген жана ар бирине жыйынтыгы белгилүү болгон. Добуштарды санап жатканда комиссиянын мүчөсү бюллетендин номерин жана добуш берүү белгисин угуза окуп берген.

Добуш берүү аяктаганда айрым бюллетендерде эки талапкер үчүн тең “макул” деген белги болгон, бул Бишкек шаар кеңешинин Регламентинин 158-пунктуна ылайык, мындай бюллетендер жокко чыгарылышы керек, бирок комиссия мүчөлөрү бул бюллетендерди жарактуу деп чечим чыгарышкан.

Шайлоо процессинде эсептөө комиссиясы депутаттардын жашыруун добуш берүүсүнө шарт түзүп бериши керек эле, бирок комиссия атайын бул норманы бузду. Ал жакка орнотулган тосмо жашыруун добуш берүү кабинкасы болуп эсептелинбейт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мэрликке талапкерлерге шаар кеңешинин сессиясында өз программаларын айтып берүү мүмкүнчүлүгүн беришпей, экинчиден, депутаттарды талапкерлерге суроо берүү укугунан ажыратышты.

“Бишкек мэриясынын имаратынын алдындагы митинг, менин оюмча, талапкер А.Ибраимовдун тарапташтары менен депутаттарга түздөн-түз басым жасоо максатында уюштурулган. Митингчилер жөн гана турбастан, отурум өтчү жайдын алдында үн күчөткүч жана колонкалардын жардамы менен “Ибраимов” деп кыйкырып турушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: