Menu

Улуттук китепканада драматург Бакы Өмүралиевдин 85 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-январда Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө драматург Бакы Өмүралиевдин 85 жылдыгына арналган “Белсемдүү драматург” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды.

Драматург жана актер Б. Өмүралиев 1932-жылы 1-январда Нарын областына караштуу Жумгал районунун Жаңы-Арык (мурдагы Базар-Турук) кыштагында туулган.

1941-1949-жылдары райондун борбору Чаектеги жетим балдар үйүнөн тарбияланып, 1951 жылы орто мектепти бүткөндөн кийин окууда да, коомдук иштерде да өзүнүн жөндөмдүүлүгүн, демилгелүүлүгүн көрсөткөн жаш улан жетекчи мугалимдеринин кеңеши менен борбордогу музыкалык окуу жайына тапшырган.

Ал жерден белгилүү композитор К. Молдобасанов жана башка искусство чеберлеринен билим алып, 1955-жылы Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы көркөм өнөр институтунун актерлук бөлүмүнөн окуп, 1975-жылы Москвадагы жогорку адабий курсту бүткөн.

Алган теориялык билимин практика менен айкалыштырып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актер болуп иштеген. А. Грибоедовдун “Акылдан азап” спектаклинде Молчалиндин В. Шекспирдин “Король Лиринде” Шуттун, Р. Шүкүрбековдун “Акындын үмүтүндө” Токтогулдун кейипкерлерин чебер жаратты.

1975-1984-жылдары Кыргызстан жазуучулар Союзунда адабий кеңешчи, башкармасынын катчысы, маданият министрлигинин репертуарлык-редакциялык коллегиясында редактор болуп иштеген.

Б. Өмүралиев чыгармачылык ишин 1960-жылы баштаган. Анын “Ата сөзү ар-намыс” аттуу пъесасы 1963-жылы драм театрда коюлган. Ага удаалаш эле “Тагдырдын өгөй балдары”, “Жаңырык’ “Сел”, “Сирена”, “Мен билем, тоолор билет”, “Жолчубектин көпүрөсү”, “Ыйык жер”, “Райымсы ража”, “Кыйышпастар”, “Адептүүлүктүн бир айы” сыяктуу көп жана бир көшөгөлүү комедия, пъеса драмалары жаралды.

Пьесалары республикабыздын профессионалдык жана элдик театрларында коюлуп келе жатат. Айрымдары Бүткүл союздук, республикалык конкурстарда байгелүү орундарды жеңип, сыйлыктарга татыктуу болгон.

1996-жылы Ташкентте өткөн Орто Азия өлкөлөрүнүн фестивалында “Найман эне” деген пьесасы баш байге – гран прини жеңип алган.

Көптөгөн публицистикалык сын-макалалар да драматургдун калемине таандык. Басмадан “Жаңырык” (1970), “Мен билем, тоолор билет” (1982), “Пъесалар” (1984) жана башка драмалар жыйнактары жарык көргөн, айрым чыгармалары орус, украин тилдерине которулган.

Б. Өмүралиев “Муз жүрөк жөнүндө баян”, “Алыскы тоолордо”, “Тянь-Шандык кыз”, “Космонавттар көчөсү” аттуу тасмага да тартылып, кинодо бири-бирине окшобогон кулк-мүнөзү жагынан татаал кейипкерлерин чоң чеберчиликте аткарууга жетишкен.

Адабият жана искусствого сиңирген эмгеги жогору бааланып, ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам ыйгарылган, медалдар, грамоталар менен сыйланган.

Көргөзмөгө Б.Өмүралиев жөнүндөгү маалыматтар китептер, газета-журналдык публикациялар, макалалар, эскерүүлөр орун алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: