Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мелис Мамбетжанов 21-декабрь күнү кызматтан алынганын эске алсак, бүгүн туптуура 22 күн өтүптүр. Бирок бул орун бош турганы кызык же Сооронбай Жээнбеков соодалай албай жатабы? Балким чындап эле татыктуу кадр табылбай жаткандыр. Антели десек, бизге жеткен маалыматтарда бул орунга мурда орун басар катары эмгектенип келген, Назгүл Кайыпованын келиши күтүлүп жатканын билдик. Келсин, иштесин, көрөлү, ансыз деле тажрыйбасыз адамдарды бийлик башына алып келип жатпайбызбы, ага караганда орун басар болуп иштеген турбайбы. Баса Назгул айым Нарын областынын башчысы Аманбай Кайыповдун карындашы экенин да айта кетели.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ